Азиза Абдирасулованын кызы кармалганын билдирди
Бүгүн, 15-июнда анын апасы, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышы боюнча укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Kaktus.media сайтына билдирди Анын айтымында, Азиза Абдирасулова күйөөсү менен Майлуу-Сууда болуп, эртең мененки саат 9дар чамасында аларга Ички иштер министрлигинин кызматкерлери к

Бүгүн, 15-июнда анын апасы, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышы боюнча укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Kaktus.media сайтына билдирди Анын айтымында, Азиза Абдирасулова күйөөсү менен Майлуу-Сууда болуп, эртең мененки саат 9дар чамасында аларга Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келишкен «Кагазды көрсөтүшүп, эч кандай маалымат бербестен алып кетишти.Мен атамдан суу, кан басымына дары бер деп сурансам, киргизбей коюшту», - дейт Гүлшайыр «Ага адвокат берилдиби же жокпу билбейм», - дейт Гүлшайыр Абдирасулова Ал кошумчалагандай, эч ким маалымат бербеген Гүлшайыр Абдирасулова апасы жөнөтүлгөн РИИБдин жетекчилигинен эч ким менен байланыша албай жатканын белгиледи Kaktus.media комментарий алуу үчүн КР Ички иштер министрлигине кайрылып, алар Азиза Абдирасулова Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБде экенин тастыкташты «Ал кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатат», — деп билдирди ИИМ Бул кандай иш экенин департамент тактаган жок


