Ланкаранда дүйнөнүн эң кары тургуну каза болду
Азербайжандын эң улгайган тургуну деп эсептелген Тамам Азизова каза болду Modern.az сайты билдиргендей, 1890-жылы туулган Ленкаран шаарынын тургуну Тамам Азизова дарыланып жаткан Ленкаран районунун борбордук ооруканасында каза болгон. Маалыматка ылайык, ал акыркы беш күндөн бери оорукананын реанима
Азербайжандын эң улгайган тургуну деп эсептелген Тамам Азизова каза болду Modern.az сайты билдиргендей, 1890-жылы туулган Ленкаран шаарынын тургуну Тамам Азизова дарыланып жаткан Ленкаран районунун борбордук ооруканасында каза болгон. Маалыматка ылайык, ал акыркы беш күндөн бери оорукананын реанимация бөлүмүндө оор абалда дарыланып жаткан Тамам Азизова Азербайжандын эң кары тургуну деп эсептелген. Анын 136 жашта экени кабарланган, бул эл аралык деңгээлде таанылган эң кары адамдан 20 жашка улуу. Бирок 130 жаштан ашкан адамдар тууралуу маалыматты эл аралык текшерүү татаал процесс жана туулгандыгы тууралуу күбөлүккө, архивдик материалдарга жана башка расмий документтерге таянат Азербайджан узак жашоосу менен белгилүү өлкөлөрдүн бири катары каралып, өзгөчө Лерик, Ленкаран, Ярдимли сыяктуу аймактарда 100 жаштан өткөн адамдар тууралуу маалыматтар көп учурда биринчи планга чыгат. Британдык Этел Катерхэм учурда дүйнөнүн эң кары тургуну болуп эсептелет. Ал Англиянын Суррей шаарында жашайт жана 1909-жылы туулган. Учурда 116 жашта


