Дүйнөдө халал азыктарына суроо-талап тездик менен өсүп жатат
Ислам өнүктүрүү банкы тобунун Баку шаарында өткөн 2026-жылдык жыйындарынын алкагында “Стратегиялык лидерлик диалогу – этикалык халал бизнес моделдери жана тобокелдикке туруктуу каржылоо” аттуу панелдик сессия уюштурулду Ислам Кызматташтык Уюмунун (SESRIC) статистикалык, экономикалык жана социалдык
Ислам өнүктүрүү банкы тобунун Баку шаарында өткөн 2026-жылдык жыйындарынын алкагында “Стратегиялык лидерлик диалогу – этикалык халал бизнес моделдери жана тобокелдикке туруктуу каржылоо” аттуу панелдик сессия уюштурулду Ислам Кызматташтык Уюмунун (SESRIC) статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөө жана окутуу борборунун башкы директору Зехра Зумрут Селчук панелдик сессияда сөз сүйлөп, дүйнөлүк экономиканын 2026-жылы 1,7 пайызга өсүүсү болжолдонуп жатканын билдирди Анын айтымында, буга карабастан 2023-2026-жылдарга ИКУга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өсүү перспективалары оптимисттик "Дүйнөлүк экономика ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп турганда, биздин өлкөлөр экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдөн жана рынок мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөн пайда көрүүнү улантууда. Биргелешип, биздин мүчө өлкөлөр дүйнөлүк рыноктун болжол менен 8 пайызын түзөт. Андыктан биз туруктуу экономикалык өсүштү жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн инвестицияны, сооданы жана алдыңкы кызматтарды өнүктүрүүнү улантышыбыз керек." З.Селчук белгилегендей, бул экономикалар күчтүү ички суроо-талапка жана бекем экономикалык негизге ээ "Ошол эле учурда алар узак мөөнөттүү жана сапаттуу өнүгүүнү колдоо максатында экономиканы диверсификациялоого, инновацияларга жана аймактык кызматташтыкты тереңдетүүгө көбүрөөк көңүл буруп жатышат" Сауд Аравиянын Халал Продукцияларын Өнүктүрүү Компаниясынын (HPDC) инвестиция боюнча башкы адиси Амин Алсаади халал индустриясы дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан тармактардын бири экенин айтты Анын айтымында, мындай өсүштүн негизги себептеринин бири – дүйнөдө мусулман калкынын санынын көбөйүшү: "Бул табигый түрдө халал продукциясына болгон суроо-талаптын өсүшүнө алып келет. Дагы бир маанилүү фактор - халал экономикасына кирген тармактардын кеңейиши. Салттуу түрдө халал деп негизинен тамак-аш жана сертификацияланган продукциялар айтылчу. Учурда кийим-кече, туризм жана башка тармактарда иш алып барган ишкерлердин, компаниялардын саны көбөйүүдө. Ошентип, халал концепциясы азыртадан эле көптөгөн тармактарды камтыйт" А.Алсаади баса белгилегендей, керектөөчүлөрдүн сапатка карата күтүүлөрү да өзгөргөн "Бүгүн керектөөчүлөр халал сертификатын жөн гана талап эмес, минималдуу стандарт катары карашат. Алар халал продукцияны базардагы башка товарлар менен салыштырып, жогорку сапатты күтүшөт" HPDC кызматкеринин айтымында, халал индустриясын өнүктүрүүдө технология да маанилүү роль ойнойт "Өзгөчө тамак-аш тармагында технология өндүрүүчүлөргө халал эмес ингредиенттердин адал альтернативасын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Мисалы, мурда негизинен жаныбарлардан алынган желатин жана коллаген азыктары азыр жаңы технологиялардын аркасында козу карындардан жана башка альтернативдүү булактардан да өндүрүлө баштады" А.Алсаади халал индустриясынын келечегине таасир этүүчү маанилүү факторлордун бири мамлекеттик колдоо экенин кошумчалады: "Компаниялар өз ишмердүүлүгүндө биринчи кезекте каржылык кирешеге басым жасашканы менен, мамлекеттер менен халал секторуна кызыкдар тараптардын интеграциясын бекемдөө үчүн мамлекеттик колдоонун мааниси чоң. Бул колдоо инвестицияларда, технологияларда жана башка багыттар боюнча көрүнүшү керек", - деди ал Малайзия Халал Өнүктүрүү Корпорациясынын (HDC) директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы аткаруучу директорунун атайын кеңешчиси Хади Хамза Малайзиядагы керектөөчүлөрдүн халал продукцияга болгон мамилеси башка мусулман өлкөлөрүндөгү керектөөчүлөрдөн анча деле айырмаланбайт деп билдирди: "Бирок, бардык өлкөлөрдөй эле, бул жерде дагы социалдык, ошондой эле экономикалык күн тартиби бар. Бир нече ондогон жылдар мурун Малайзияда халал сертификатынын биринчи документтери пайда болгондо, негизги маселе ишеним болгон. Керектөөчүлөр бул продукт чындап эле адал экенине ишенүүнү каалашкан. Бирок убакыттын өтүшү менен күтүүлөр өзгөрүп, жөн гана халал статусу жетишсиз болуп калды. Адамдар жогорку сапатты жана кошумча кепилдикти талап кыла башташты." Х.Хамза ошол мезгилде көптөгөн эл аралык жана трансулуттук компаниялар, анын ичинде батыш бренддери халал рыногуна киргендигин белгиледи «Алар халал стандарттарын өнүмдөрүнүн жана кызматтарынын баалуулуктарынын бир бөлүгүнө айлантышты Ошентип, халал түшүнүгү диний талап катары гана эмес, сапаттын, коопсуздуктун жана ишенимдүүлүктүн көрсөткүчү катары да кабыл алына баштады Анын айтымында, Малайзияда халал индустриясынын өнүгүшү 1980-жылдардын аягында, өзгөчө 2000-жылдардан тарта тездеди: «Бул өнүгүү кызыкдар тараптардын суроо-талабы жана халал базарынын потенциалын көргөн бизнес менен шартталган. Кызыгы халал Мусулман компаниялары гана сертификацияга кызыкдар болгон жок. Көптөгөн мусулман эмес фирмалар да халал стандарттарын ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды жасай башташты» Ал белгилегендей, Малайзия да өзүнүн ички потенциалын натыйжалуураак пайдаланууга аракет кылган: “Халал продуктуларын өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, импортту алмаштыруучу продукцияларды өндүрүү кубатталып, натыйжада малайзиялык продукция дүйнөлүк рынокко чыга баштады. Учурда халал экономикасы Малайзиянын ички дүң продукциясынын 10 пайызга жакынын түзөт. Өлкөдө халал сертификаты бар 12 миңге жакын компания иштейт Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясынын (ITFC) операциялар боюнча башкы директору Назим Нурдали халал экономика азыртадан эле дүйнөлүк экономиканын негизги багыттарынын бирине айланып баратканын айтты "Дүйнөдө жаңы экономикалар жана жогорку өсүү темпи менен рыноктор түзүлүп жаткан учурда ислам өлкөлөрү халал экономиканы өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгилешти. Учурда халал экономикасынын көлөмү болжол менен 5,6 триллион АКШ долларына жеткени кабарланууда Н.Ноордалинин айтымында, халал экономика менен исламдык каржылоонун ортосунда бекем байланыш бар: “Ошондуктан Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр исламдык каржылоону жана халал экономиканы өнүктүрүү үчүн биргелешип иш алып барышат. Максаты – финансылык кызматтарды кеңейтүү гана эмес, дүйнөлүк масштабда халал экономикасынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү Башкы директор жеке сектордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, кошумча дем берүүчү механизмдерди түзүү, ишкерлердин эл аралык рынокко чыгуусун жеңилдетүү маанилүү экенин баса белгиледи "Бизнес үчүн инвестицияларга, финансылык ресурстарга жана жаңы рынокторго кирүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ. Ислам каржылоосу менен халал экономикасын өз ара өнүктүрүү уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык потенциалын чыңдап, дүйнөлүк халал рыногунун андан ары кеңейишине салым кошо алат


