Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү: Маалымдуулук жетишсиз
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 1972-жылы Швециянын Стокгольм шаарында өткөн Айлана-чөйрө конференциясында кабыл алынган чечим менен жыл сайын 5-июнь «Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү» катары кабыл алынган ДССУнун доктору Катарина Бохма Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 1972-жылы Швециянын Стокгольм шаарында өткөн Айлана-чөйрө конференциясында кабыл алынган чечим менен жыл сайын 5-июнь «Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү» катары кабыл алынган ДССУнун доктору Катарина Бохма Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата билдирүүсүндө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ден-соолук көйгөйлөрүнө көңүл бурду Жыл сайын миллиондогон адамдын абанын булганышынан улам каза болгонун белгилеген мекеме, күчөгөн ысыктын өлүмдөрдү да арттыра турганын жарыялады Быйыл Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрөнү коргоо күнү «Климаттык аракет» темасы менен белгиленип, маалымдуулук жетишсиз экенин жана иш-аракет милдеттүү экендигин баса белгилейт. Бирок, мындай басым жасоого карабастан, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө абал дагы эле оор бойдон калууда Мисалы, Кениянын борбору Найробидеги 30 акр аянтты ээлеген Дандора таштанды жайы миңдеген адамдар үчүн коркунуч туудурганы менен көптөгөн кениялыктар үчүн киреше булагы Таштандылардын арасында жашоого аракет кылган адамдар күн сайын миңдеген тонна таштандыларды сорттоп, сата турган буюмдарын чогултушат Бир тараптан Израилдин блокадасындагы Газа тилкесинде саркынды суу кризиси тереңдеп баратат Газа шаарынын батыш бөлүгүндө канализация системасынын жоктугу жаман жыттын таралышына, кемирүүчүлөрдүн көбөйүшүнө жана айлана-чөйрөнүн булганышына себеп болууда Саркынды суулар жана таштандылар менен жашаган жарандар эпидемияга кабылуу коркунучуна туш болушат


