Дүйнө чемпиону ушунча акча менен сыйланат - РЕКОРД СУМА
Быйыл АКШ, Канада жана Мексикада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсүнө рекорддук суммадагы акчалай сыйлык тапшырылат. Дүйнө чемпиону боло турган улуттук курамага 50 миллион доллар байге аныкталганын Modern.az басылмасы жазып чыкты. Бул дүйнө чемпионатынын тарыхында чемпионго төлөнгөн э

Быйыл АКШ, Канада жана Мексикада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсүнө рекорддук суммадагы акчалай сыйлык тапшырылат. Дүйнө чемпиону боло турган улуттук курамага 50 миллион доллар байге аныкталганын Modern.az басылмасы жазып чыкты. Бул дүйнө чемпионатынын тарыхында чемпионго төлөнгөн эң жогорку сумма Маалыматка ылайык, быйылкы дүйнө чемпионатына жалпы байге фонду 655 миллион доллар белгиленген. Тайпалык баскычта күрөшүн токтоткон командалар үчүн 9 миллион доллар, финалга чыккан командалардын жыйынтыгына жараша 33 миллион долларга чейин киреше алуу пландалууда Белгилей кетсек, 2022-жылы Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Аргентина курама командасы 42 миллион доллар сыйлык алган. Франция курамасы 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңгени үчүн 38 миллион доллар киреше тапкан


