Дүйнөлүк банк: Аймактык интеграция өлкөлөргө келечегин түзүүгө мүмкүндүк берет
Аймактык интеграция өлкөлөргө келечегин түзүүгө мүмкүндүк берет Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Ооганстан жана Пакистан боюнча стратегия жана операциялар бөлүмүнүн директору Бусейна Куермази Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Баку шаарында өткөн 2026-жылдагы жылдык жыйынынын

Аймактык интеграция өлкөлөргө келечегин түзүүгө мүмкүндүк берет Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Ооганстан жана Пакистан боюнча стратегия жана операциялар бөлүмүнүн директору Бусейна Куермази Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Баку шаарында өткөн 2026-жылдагы жылдык жыйынынын алкагында уюштурулган “ИӨБ аймактарындагы аймактык интеграциянын кыймылдаткыч күчтөрү” аттуу панелдик талкууда билдирди "Аймактык интеграция физикалык рынокторду жана инфраструктураны гана билдирбейт. Бул мамлекеттер бири-бири менен бекем алака куруп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жалпы келечекти калыптандырууда дегенди билдирет. Биз коңшуларды тандай албайбыз, бирок биз өз тагдырыбызды тандай алабыз, буга аймактык интеграция жардам берет", - деп белгиледи ал Аймактык интеграциянын негизги багыттарынын бири өлкөлөр ортосундагы транспорттук, энергетикалык жана санариптик мамилелерди чыңдоо экенин айтты. Анын айтымында, регионалдык кызматташтык өзгөчө деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн рынокторго жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт "Аймактык интеграциянын натыйжасында өлкөлөр арзаныраак ресурстарга ээ болуп, жаңы жумуш орундары түзүлүп, экономикалык өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Бирок интеграция байланышты гана камтыбайт. Бул ошондой эле рыноктордун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана элдин кыймылынын жакшы интеграциясын билдирет", - деп баса белгиледи Бусейна Куермази Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү, пандемия жана башка трансулуттук чакырыктарды айрым мамлекеттер чече албайт жана бул жаатта аймактык кызматташтык маанилүү


