Днепрде унаа жарылып, жабыркагандар бар
Украинанын Днепр шаарында токтоп турган унаанын жарылуусунан эки адам жабыркады Бул тууралуу "РБК-Украина" Улуттук полициянын Днепропетровск облусу боюнча башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди Маалыматка ылайык, окуя шаардын Соборни районунда болгон. Алгачкы божомол боюнча токтоп тург

Украинанын Днепр шаарында токтоп турган унаанын жарылуусунан эки адам жабыркады Бул тууралуу "РБК-Украина" Улуттук полициянын Днепропетровск облусу боюнча башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди Маалыматка ылайык, окуя шаардын Соборни районунда болгон. Алгачкы божомол боюнча токтоп турган унаа жарылып кеткен Жарылуунун натыйжасында эки адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан Учурда окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатат Эске сала кетсек, Ровно шаарына жакын жердеги ишканалардын биринде болгон жарылуудан сегиз адам жабыркаган


