Күндүз аба ырайы +36 градуска чейин жылыйт - 8-июнга карата аба ырайы
Экология (АКИpress) - Кыргызстанда 8-июндагы аба ырайы Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана ка

Экология (АКИpress) - Кыргызстанда 8-июндагы аба ырайы Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдордун бийик тоолуу аймактарында муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с Чүй облусунда түнкүсүн +14...+19 күндүз +30...+35 Талас облусунда түнкүсүн +11...+16 күндүз +27...+32 Баткен облусунда түнкүсүн +14...+19 күндүз +31...+36 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19 күндүз +31...+36 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6...+11 күндүз +15...+20 Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11 күндүз +20...+25 Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүзгү жогорку температурасы +32...+34 Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт; күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүзгү жогорку температурасы +15...+17 Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 6-июнда күндүз +16°, 7-июнда эртең менен +14,8° жылуу болду


