Ысык-Көлдүн жээгиндеги үйлөрдүн ээлери үчүн мыйзамдан өзгөчөлөнүп калышы мүмкүн
Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метрге жетпеген аралыкта жайгашкан турак-жайлар азыркы чектөөлөр киргизилгенге чейин курулган болсо мыйзамдаштырууну сунуштап жатышат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды Мыйзам долбоорунун автору, депутат Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, азыр “

Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метрге жетпеген аралыкта жайгашкан турак-жайлар азыркы чектөөлөр киргизилгенге чейин курулган болсо мыйзамдаштырууну сунуштап жатышат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды Мыйзам долбоорунун автору, депутат Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, азыр “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдын 19-беренесине ылайык, көлдүн жээгинен 500 метр алыстыкта рекреациялык объекттерден башка бардык объектилерди курууга жана пайдаланууга тыюу салынган. Мыйзам күчүнө киргенден кийин, көптөгөн жарандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алышкан Демилгечи белгилегендей, аталган тилкелердин ээлери мыйзамда белгиленген тартипте жер тилкесин алышып, бардык зарыл болгон укук белгилөөчү документтерди толтурушкан. Бирок, иш жүзүндө менчик ээлери болгон чектөөлөрдөн улам кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын ишке ашырууда кыйынчылыктарга туш болушат. Тактап айтканда, мындай үйлөрдүн укуктук статусуна, алардын мындан аркы эксплуатациясына, ошондой эле алардын мүлкүн толук башкаруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу суроолор сакталууда Бул маселе өзгөчө Балыкчы шаарында курч турат, ал жерде жээк зонасында тыюу салынганга чейин турак-жай курулган 1145 жер тилкеси бар Буга байланыштуу колдонуудагы нормалардан өзгөчөлүктү киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоорунда мыйзамдын чектөөлөрү менчик ээлеринин 2004-жылга чейин турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелерине документтери бар жеке турак жайларга жайылтылбай турганы белгиленген «Бул Ысык-Көлдүн экологиялык тутумун коргоо максаттарына зыян келтирбестен, укуктук аныктуулуктун, адилеттүүлүктүн жана жарандардын мурда белгиленген укуктарын коргоонун принциптеринин сакталышын камсыз кылат», - деп белгиленет негиздемеде


