Кыргызстанда кубаттуулугу 4 кВттан ашкан электр мотороллерлери үчүн А1 категориясындагы укуктар киргизилет
Бишкек (АКИpress) – 4 кВттан ашкан электр мопеддер жана мотороллерлер милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлөт, деп билдирди бүгүн, 9-июнда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын бөлүм башчысы Нурлан Ниязбеков Анын айтымында, буга чейин 11 кВттан ашык

Бишкек (АКИpress) – 4 кВттан ашкан электр мопеддер жана мотороллерлер милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлөт, деп билдирди бүгүн, 9-июнда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын бөлүм башчысы Нурлан Ниязбеков Анын айтымында, буга чейин 11 кВттан ашык кубаттуулуктагы электр мопеддер үчүн каттоодон өтүү жана тиешелүү категориянын болушу талап кылынчу. Бирок президент кол койгон мыйзам бул чекти 4 кВт чейин азайткан Мындай унааларды айдоо үчүн сизге А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк керек. Үч айдын ичинде керектүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыгып, андан кийин менчик ээлери каттоодон өтө алышат Ниязбеков ошондой эле Бишкек мэриясынын сунушу менен ижарага берилүүчү электроскутерлердин максималдуу ылдамдыгын 25 км/сааттан 15 км/саатка чейин төмөндөтүү пландалып жатканын айтты Ал кошумчалагандай, адамдын ден соолугуна зыян келтирилген учурда скутер жана мотороллер ээлеринин жоопкерчилиги колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аныкталат


