Димаш Кудайберген Актөбө шаарынын борбордук стадионунда клип тартты
Димаш Кудайберген “Акерке” элдик ырын аткарып, актөбеликтерге катышканы үчүн ыраазычылык билдирди "Жаштардын чогулганын көрүп турам. Баарыңарды көргөнүмө кубанычтамын. Ушул учурду чыдамсыздык менен күттүм. Сиздер ар дайым жүрөгүмдөсүңөр. Туулуп-өскөн жериме келип, жүзүңөрдү көргөнүмө кубанычтамын

Димаш Кудайберген “Акерке” элдик ырын аткарып, актөбеликтерге катышканы үчүн ыраазычылык билдирди "Жаштардын чогулганын көрүп турам. Баарыңарды көргөнүмө кубанычтамын. Ушул учурду чыдамсыздык менен күттүм. Сиздер ар дайым жүрөгүмдөсүңөр. Туулуп-өскөн жериме келип, жүзүңөрдү көргөнүмө кубанычтамын. Сиздерди сагындым. Актөбөм үчүн, Казакстаным үчүн бүткүл дүйнөгө көрсөтүүдөн уялбай турган клип тартыларына ишенем", - деди ырчы Эске сала кетсек, Димаш Кудайберге өткөн жумада кичи мекенине келген. Ал өзү окуган мектепте болуп, мугалимдери менен жолугушту. Ошондой эле ырчы сүрөтчүнүн LEGO үлгүсүндөгү чоң сүрөтүн тарткан мектеп окуучулары менен жолугушту


