Кайырчыларга айып пул салынып, камалат
Кайырчылык менен алектенгендерге айып пул салынып, административдик камакка алынат Modern.az сайтынын маалыматына караганда, бул президент Илхам Алиев бекиткен Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске кошулган жаңы 523-1 беренеде чагылдырылган Кодекске ылайык кайырчылыкка эскертүү берилет ж

Кайырчылык менен алектенгендерге айып пул салынып, административдик камакка алынат Modern.az сайтынын маалыматына караганда, бул президент Илхам Алиев бекиткен Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске кошулган жаңы 523-1 беренеде чагылдырылган Кодекске ылайык кайырчылыкка эскертүү берилет же жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө штраф салынат, же болбосо иштин жагдайларын жана укук бузуучунун инсандыгын эске алуу менен, эгерде бул чаралар жетишсиз деп табылса, он суткага чейин администрациялык камакка алуу белгиленет Жашы жетпегенди кайырчылыкка тарткандыгы үчүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө штраф салынат же иштин жагдайларын жана укук бузуучунун инсандыгын эске алуу менен бул чараларды колдонуу жетишсиз деп табылса, он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алынат


