Дик Адвокат Кюрасаога кайтып келди
78 жаштагы голландиялык машыктыруучу Дик Адвокат 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын алдында кайрадан Кюрасао курама командасын жетектеди Кюрасао футбол федерациясынын билдирүүсүндө, машыктыруучу Фред Руттен кызматтан кеткенден кийин Дик Адвокаттын кайра дайындалганы жарыяланды Билдирүүдө «Директ

78 жаштагы голландиялык машыктыруучу Дик Адвокат 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын алдында кайрадан Кюрасао курама командасын жетектеди Кюрасао футбол федерациясынын билдирүүсүндө, машыктыруучу Фред Руттен кызматтан кеткенден кийин Дик Адвокаттын кайра дайындалганы жарыяланды Билдирүүдө «Директорлор кеңеши Дик Адвокаатты Кюрасао улуттук курама командасынын машыктыруучусу кылып дайындоо чечимине келди»,-деп айтылат Дик Адвокат мурда Кюрасао менен тарыхый ийгиликке жетишкен. Голландиялык машыктыруучунун жетекчилиги астында Кюрасао тарыхында биринчи жолу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды Тажрыйбалуу машыктыруучу кызынын ден соолугуна байланыштуу февраль айында жумушунан кеткен. Адвокаттын командага кайтып келиши Кюрасао футболунда чоң толкунданууну жаратты Болжол менен 150 миң калкы бар Кюрасао дүйнө чемпионатына катышкан эң кичинекей өлкө катары тарыхта калды. Кариб деңизиндеги арал өлкөсү болжол менен 350 миң калкы менен 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатка катышкан Исландиянын калкынын рекордунан ашып түштү


