Депутат ишкерлерден таштанды төлөмүнө каршы чыкты. Шыкмаматов жооп берди
Депутат Уланбек Жаанбаев таштанды чыгаруу үчүн төлөмдү Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө кодекстен алып салууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал 9-июнда Жогорку Кеңештин Каржы, бюджет, ишкердүүлүк жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди Анын айтымында, кодекстин 73-76-беренелери

Депутат Уланбек Жаанбаев таштанды чыгаруу үчүн төлөмдү Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө кодекстен алып салууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал 9-июнда Жогорку Кеңештин Каржы, бюджет, ишкердүүлүк жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди Анын айтымында, кодекстин 73-76-беренелеринде таштанды төлөмү көрсөтүлгөн. Ал эмне экенин сурады Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков кодексте салык кызматы тарабынан төлөнүүчү төлөмдөрдүн беш түрү, анын ичинде таштанды үчүн да көрсөтүлгөн деп жооп берди. Юридикалык жак кызматкерге айына 100 сом, жеке ишкер 50 сом төлөйт Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары кошумчалагандай, өткөн жылы башкармалык таштанды үчүн 73 миллион 835 миң сом чогултууну пландап, бирок кызмат көрсөтүү пландан ашыкча аткарылып, 75 миллион 372 миң сом чогултулган Жаанбаев белгилегендей, төлөмдөрдү баары эле төлөй бербейт. "Бирок кредит алгысы келгендер мындай төлөмдүн төлөнгөндүгү тууралуу справкасын көрсөтүшү керек. Бул кошумча салык. Бул бири-бирин кайталаган чара, алар таштанды үчүн "Тазалыкка" төлөп келишкен. Ошондой эле бул үчүн салык кызматына төлөш болуп көрбөгөндөй иш", - деди депутат Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жаанбаевдин пикирине 100% кошулам деп жооп берди. "Бул Каржы министрлигинин саясаты. Биз сиздин сунушуңузду колдойбуз. Эгер сунушталса, колдойбуз", - деди ал


