Депутат: Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тамак-ашка 70 сомдон, соттолгондорго 130 сомдон бөлүнөт
Депутат Бактияр Калпаев министрлер кабинетинен күч түзүмдөрүнүн жана коргоо түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилүүчү бир күндүк тамак-аштын компенсациясынын көлөмүн көбөйтүүнү суранды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында билдирди Анын айтымында, учурда күнү-түнү кызмат өтөп, жарандар

Депутат Бактияр Калпаев министрлер кабинетинен күч түзүмдөрүнүн жана коргоо түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилүүчү бир күндүк тамак-аштын компенсациясынын көлөмүн көбөйтүүнү суранды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында билдирди Анын айтымында, учурда күнү-түнү кызмат өтөп, жарандардын тынчтыгын, чек араны коргогондорго компенсация болгону 70 сомду түзүп, азыркы реалдуулукка туура келбейт "Инфляция байкалууда, тамак-аш кымбаттады, бирок бул көрсөткүч көп жылдардан бери кайра каралбай келет. Салыштыра кетсек: абактагы жарандарга үч маал ысык тамак үчүн мамлекеттен 130 сомдон бөлүнөт", - деди Калпаев


