Депутат Жети-Өгүз районундагы мектептерди оңдоп-түзөө, бала бакча куруу жана каналды реконструкциялоо маселелерин чечүүнү суранды
Билим АКИpress - Депутат Болот Сагынаев 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бир катар социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн көтөрдү Анын айтымында, жумушчу сапардын жүрүшүндө мамлекеттик органдардан чечүүнү талап кылган маселелер аныкталган. Тактап айтк

Билим АКИpress - Депутат Болот Сагынаев 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бир катар социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн көтөрдү Анын айтымында, жумушчу сапардын жүрүшүндө мамлекеттик органдардан чечүүнү талап кылган маселелер аныкталган. Тактап айтканда, депутат 2010-жылы пайдаланууга берилген, бирок капиталдык оңдоодон өтө элек Шевченко атындагы орто мектептин абалына көңүл бурду «Бүгүнкү күндө чатырынан суу агып, имараттын өзү акырындык менен солкулдап баратат», - деп мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү маселесин кароону өтүндү Сагынаев ошондой эле Липенка айылына 100 орундуу бала бакча куруу зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, буга чейин долбоордук-сметалык документтер даярдалып, экспертизанын оң корутундусу алынган жана долбоордун жалпы баасы 95 миллион сомду түзөт Депутат Жел-Дөбө айылына жаңы мектеп куруу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, объект боюнча да бардык керектүү документтер даярдалып, экспертиза дайындалды Ал езунче сугат проблемасына токтолду. Кеп узундугу 9,5 чакырым келген, бир нече калктуу пункттарды суу менен камсыз кылган стратегиялык канал жөнүндө болуп жатат Депутаттын айтымында, бетон жабуунун жоктугунан каналдагы суунун коромжусу 60%га жетет «Эгерде канал бетондолсо, сууну үнөмдүү пайдаланууга болот, бул калкты жана айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртат», - деп белгиледи Сагынаев


