Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Депутат балдары менен жазасын өтөп жаткан 7 аялга мунапыс берүүнү кароону сунуштады

«Кыскача» (АКИpress) - 7 аял балдары менен СИЗОдо жана түзөтүү мекемелеринде жатат, деп билдирди депутат Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчыга кайрылып Ал мунапыс маселесин кароону туура деп эсептейт Анын айтымында, мындай маалыматтарды Башкы прокуратура берет "Аял кылмышы үч

0 көрүүakipress.org
Депутат балдары менен жазасын өтөп жаткан 7 аялга мунапыс берүүнү кароону сунуштады
Paylaş:

«Кыскача» (АКИpress) - 7 аял балдары менен СИЗОдо жана түзөтүү мекемелеринде жатат, деп билдирди депутат Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчыга кайрылып Ал мунапыс маселесин кароону туура деп эсептейт Анын айтымында, мындай маалыматтарды Башкы прокуратура берет "Аял кылмышы үчүн жооп бериши керек, бирок бул жерде баланын эмне тиешеси бар? Эне 5-10 жылга кесилсе, бала да чындап бул убакытты түрмөдө өткөрөт экен", - деди ал Депутат кээ бир учурларда бала 14 жашка чыкканга чейин жазаны аткарууну кийинкиге калтырууга мыйзам жол берерин эске салып, эмне үчүн мындай эреже бул аялдарга тиешелүү эмес экенине кызыкты Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мыйзам боюнча бала энеси кааласа үч жылга чейин абакта апасынын жанында боло аларын билдирди Депутат Самаков ата-энесинин кылыгынан бала жапа чегип калбашы керектигин айтып, мындай аялдарга мунапыс берүү же балдардын укугун коргоо боюнча башка чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады Жаманбаева бул үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөр талап кылынышы мүмкүн деп жооп берди. Депутат мындай демилгени көтөрүүгө чакырды

Diğer Haberler