Депутат Жоош айыл өкмөтүнүн айылдарын таза суу менен камсыздоону тездетүүнү талап кылды
Бишкек (АКИpress) – Депутат Алишер Козуев 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу бир катар айылдарды таза суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү Суу чарба министрлигинин суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгынын ба

Бишкек (АКИpress) – Депутат Алишер Козуев 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу бир катар айылдарды таза суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү Суу чарба министрлигинин суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Болотбек Таштановго кайрылып, ал быйыл титулдук тизмеге Маданият, Агартуу, Кызыл-Сарай, Зарбалык, Кумарык жана Мамажан кирген онго жакын айыл киргенин эске салды Депутаттын айтымында, республикалык бюджеттен жана эл аралык өнөктөштөрдүн каржылоосу болгонуна карабай, объекттер титулга киргизилгенине жарым жыл болсо да, алар боюнча долбоорлоо иштери бүтө элек "Тургундар айылдар титулдук тизмеге киргенден кийин ичүүчү суу маселеси чечиле баштайт деп үмүттөнүшкөн. Бирок бүгүнкү күндө иш жүзүндө иш башталбай, миңдеген адамдар дагы эле таза суусуз калууда", - дейт Козуев Таштанов долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана курулуш процедураларын жүргүзүү бир топ убакытты талап кылаарын түшүндүрдү Ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин директору Зарылбек Каратаев министрлик жергиликтүү бийликтен керектүү документтерди талап кылганын, бирок алар толук жана сапатсыз берилбей жатканын айтты. Анын айтымында, бул долбоорлорду жана тендерлерди даярдоонун кечеңдешине алып келген Козуев министрлик иштин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүп, жергиликтүү бийлик менен активдүү иштешүүсү керектигин белгиледи. Ал ошондой эле долбоорду ишке ашырууну тездетүүнүн мүмкүн болгон альтернативдүү жолдоруна кызыкты Жооп катары Каратаев маселени үч-төрт айдын ичинде чечүү пландалып жатканын билдирди. Бирок бул убакыт долбоорлоо процедураларын бүтүрүүгө эле эмес, курулуш иштерин жүргүзүүгө да жетет деп күмөн санаган депутат Козуев министрликтин өкүлдөрүнө кайрылып: "Адамдар жыл өткөн сайын үйлөрүнө чакалап ичүүчү сууну ташып келишет. Кеп бир нече тургундар жөнүндө эмес, миңдеген жарандар жөнүндө болуп жатат. Бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алып, күзгө чейин чечип берүүңүздөрдү суранам", - деди Козуев


