Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Депутат Акыйкатчы институтун Таластагы эки интернат тууралуу маалыматты бурмалаган деп айыптады

Билим АКИpress - Депутат Медер Чотонов Акыйкатчы институтун Талас облусундагы эки мектеп-интернат тууралуу маалыматты бурмалап жатат деп айыптады Жогорку Кеңештин жыйынында ал Акыйкатчыны тараткан маалымат үчүн жоопкерчиликтүү болууга жана коомчулукту адаштырбоого чакырды «Жакында Талас районунда

0 көрүүakipress.org
Депутат Акыйкатчы институтун Таластагы эки интернат тууралуу маалыматты бурмалаган деп айыптады
Paylaş:

Билим АКИpress - Депутат Медер Чотонов Акыйкатчы институтун Талас облусундагы эки мектеп-интернат тууралуу маалыматты бурмалап жатат деп айыптады Жогорку Кеңештин жыйынында ал Акыйкатчыны тараткан маалымат үчүн жоопкерчиликтүү болууга жана коомчулукту адаштырбоого чакырды «Жакында Талас районундагы эки мектеп-интернаты тууралуу маалымат тараттыңыз, мен өзүм алардын биринде окугам.Бул аймактагы эң мыкты мектеп-интернаттардын бири – окуучулары ЖРТдан жогорку балл алып, республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды алып келишет Бирок жарыяланган материалдарда башка объектилердин сүрөттөрү колдонулган. Мындай көрүнүштөр коомдук пикирди бурмалагандыктан, жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейм», - деди ал Чотонов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө мамлекет бир окуучунун тамак-ашына күнүнө 90 сом гана бөлүп жатат. "Мындай шартта директор эмне кыла алат? Эмне күнөө? 90 сом бөлүнсө, ошого жараша тамак-аш даярдалат. Сиздердин материалдарыңызда рациондо эт же башка азыктар жок деп көрсөтүлгөн, бирок бул сиздин өзүңүздүн бааңыз. Жыйынтыгында мындай маалыматка эч ким жооп бербейт, интернаттын директорлору жазага тартылат", - деди ал Чотонов кошумчалагандай, эгерде мындай баалоо критерийлери колдонула турган болсо, анда өлкөнүн алыскы аймактарындагы бир дагы мектеп аларга жооп бербейт. «Көптөгөн мектептерде ажатканалар сыртта жайгашып, санитардык талаптарга жооп бербейт.Ошондуктан буга көңүл буруп, жергиликтүү кызматкерлерге тиешелүү тапшырмаларды берүүңүздөрдү суранам», - деди депутат Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева институт бардык жарыяланган материалдар үчүн жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Талас районундагы мектеп-интернаттар үчүн баштапкы материалдарда туура сүрөттөр колдонулган, бирок кийинчерээк башка булактарда аралашып кеткен Ал кошумчалагандай, расмий сайтта сүрөттөр ар бир интернатка туура келет Депутат Чотонов бул учурда жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, туура эмес сүрөттөр колдонулганы тууралуу билдирүү жасоо керектигин айтты

Diğer Haberler