Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Депутат чет элдиктерге сатылып жаткан мүлктөр боюнча маселе көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Кыргызстандан мүлк сатып алган чет элдиктер боюнча маселе көтөрдү Ал бул тууралуу Парламенттин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 8-июндагы жыйынында айтып, чет элдик жарандар айыл чарба багытындаг

0 көрүүazattyk.org
Депутат чет элдиктерге сатылып жаткан мүлктөр боюнча маселе көтөрдү
Paylaş:

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Кыргызстандан мүлк сатып алган чет элдиктер боюнча маселе көтөрдү Ал бул тууралуу Парламенттин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 8-июндагы жыйынында айтып, чет элдик жарандар айыл чарба багытындагы жерлерди да ижарага алып иштеткен учурлар бар экенин айтты “Чет элдик жарандар өздөрүнүн атына жер алып. Анын үстүндөгү мүлктү да алып, жерге да курулуш кылып жатышат”, - деди ал Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов комитеттин жыйынында маалымат берди Анын сөзүнө караганда, Жер кодекси боюнча чет элдик жаранга жердин үстүндөгү мүлк жеке менчик катары катталат. Ал эми жер тилкеси 49 жылга ижарага берилет Айыл чарба багытындагы жерлер болсо чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга да берилбейт. Чет өлкөлүктөр калктуу конуштан жана курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерден гана мүлк алса болот. (BTo)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler