Костанай облусунда CVK каржы пирамидасынын иши тергелүүдө
Ведомстводон билдиришкендей, иликтөө иштерине 47 жаштагы Жания Мукашева жана 49 жаштагы Алия Молжигитова жана башка адамдар тартылып жатат Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр 2025-жылдын июнь айынан 2026-жылдын май айына чейин CVK каржы пирамидасына инвестиция салууга жамынып, жарандардан акча ка

Ведомстводон билдиришкендей, иликтөө иштерине 47 жаштагы Жания Мукашева жана 49 жаштагы Алия Молжигитова жана башка адамдар тартылып жатат Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр 2025-жылдын июнь айынан 2026-жылдын май айына чейин CVK каржы пирамидасына инвестиция салууга жамынып, жарандардан акча каражаттарын тартышкан Буга байланыштуу Экономикалык иликтөөлөр башкармалыгы облустун тургундарына кайрылуу жолдойт. CVK каржы пирамидасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында материалдык зыянга учураган жарандарды Костанай шаары, Гоголь көчөсү, 183 дареги боюнча Костанай облусу боюнча ТЖКга кайрылууну суранабыз Маалыматты нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу да алса болот: +7 (714-25) 3-60-26 Эске сала кетсек, CVK пирамидасы боюнча иликтөө Казакстандын 14 облусунда жүрүп жатат Буга чейин Караганда облусунда 400дөн ашуун адам каржы пирамидасына тартылган


