Кыргызстандын делегациясы Женевадагы эл аралык эмгек конференциясына катышууда
Turmush - Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жетектеген Кыргызстандын делегациясы 1-июндан 12-июнга чейин Женевада өтүп жаткан Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Эл аралык эмгек конференциясынын 114-сессиясына катышууда Эмгек министрлигинин басма сөз кыз

Turmush - Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жетектеген Кыргызстандын делегациясы 1-июндан 12-июнга чейин Женевада өтүп жаткан Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Эл аралык эмгек конференциясынын 114-сессиясына катышууда Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, делегациянын курамына Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы жана «ЖИА Бизнес Ассоциациясы» юридикалык жактардын ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы да кирди Конференциянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы ЭЭУнун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Питер Ван Руй, ошондой эле ЭЭУнун Башкы директорунун кеңсесинин директору Биат Андреес менен жолугушууларды өткөрдү Жолугушуулар социалдык-эмгек маселелерин талкуулоого өкмөттөрдүн, иш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын өкүлдөрүнүн бирдей катышуусун караган үч тараптуу принциптин алкагында өттү Тараптар татыктуу эмгекке көмөктөшүү жана социалдык диалогду өнүктүрүү боюнча Кыргызстан менен Эл аралык эмгек уюмунун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты Мындан тышкары, №155 «Эмгектин коопсуздугу жана ден соолук жана эмгек чөйрөсү жөнүндө» жана №187 «Эмгектин коопсуздугун жана ден соолукту чыңдоонун негиздери жөнүндө» Конвенцияны ратификациялоо боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты


