Кыргызстандын суу сактагычтары аз толгондугуна байланыштуу Казакстандын түштүгүндө суунун тартыштыгы күтүлөт
Казакстандын төрт облусунда быйыл сугат суунун тартыштыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Власть» басылмасы суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовдун билдирүүсүнө таянып жазды Сөз Сырдария, Шу жана Талас дарыяларынын бассейндеринде суунун деңгээли төмөн болушу күтүлгөн Кызылорда, Түркстан, Ж

Казакстандын төрт облусунда быйыл сугат суунун тартыштыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Власть» басылмасы суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовдун билдирүүсүнө таянып жазды Сөз Сырдария, Шу жана Талас дарыяларынын бассейндеринде суунун деңгээли төмөн болушу күтүлгөн Кызылорда, Түркстан, Жамбыл облустары жөнүндө болуп жатат. Маалым болгондой, Сырдарыя дарыясынын алабында коңшу мамлекеттердин аймактарында жайгашкан суу сактагычтардын азыркы толушу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд куб метрге аз «Жайкы мезгилде бул суу сактагычтар топтоо режиминде иштей турганын эске алуу менен Казакстандын аймагына агып келүүчү агымдын болжолдонгон көлөмү көп жылдык орточо норманын 70 пайызын түзөт, бул суунун аз болгон шарттарына туура келет жана бассейндин ортоңку жана төмөнкү агымында суу ресурстарынын жетишсиздигинин олуттуу коркунучун жаратат», - деди Нуржигитов өкмөттүн жыйынында Анын маалыматына караганда, ушундай эле абал Шу жана Талас дарыяларынын бассейндеринде да бар: Киров суу сактагычы 78 пайызга толду, бул 89 миллион кубометрге аз, Орто-Токой суу сактагычы 83 пайызга толду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 79 миллион кубометрге аз Алматы облусунун Куртин суу сактагычынын аймагында да суунун жетишсиздиги коркунучу бар. Министр белгилегендей, учурда суу сактагычтын көлөмү 64 миллион метр кубду түзүп, былтыркыдан 38 миллион метр кубга аз. Шу-Талас бассейнинде суу сактагычтар 81 процентке толгон Министрлик Кыргызстандагы Киров жана Орто-Токой суу сактагычтары аз толгонуна тынчсызданууда. Буга байланыштуу 2026-жылга карата сууну пайдалануу лимити 1,2 миллиарддан 900 миллион кубометрге чейин кыскартылды Нуржан Нуржигитов ички суу сактагычтардын топтолушу боюнча абал жалпысынан туруктуу деп ишендирди. Бирок азыркы гидрологиялык кырдаалды эске алуу менен Кызылорда облусу үчүн үзгүлтүксүз сугаруу үчүн сууну пайдалануу лимити 3,2 миллиард кубометр, Түркстан облусу үчүн 3,8 миллиард кубометр өлчөмүндө белгиленүүдө Министрликтин айтымында, быйылкы вегетация мезгилине кургакчыл 2025-жылдын кесепеттери таасир этет Казакстан суусу аз өлкө болуп эсептелет, анын аймагынын 2,8 пайызы суу менен капталган, үчтөн экиси сууга жетүүсү өтө кыйын болгон кургак зоналар. Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн келет Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


