Президент Эрдоган БАЭнин президенти Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушууда Түркия мене
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушууда Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер каралды. Байланыш дирекциясынын социалдык медиа аккаунтунда жарыяланган билдирүүдө төмөнкү сөздөр орун алды: «Жолугушууда президент Эрдоган Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда соода, энергетика жана коопсуздук сыяктуу көптөгөн темаларда кызматташтыкты өнүктүрүүгө маани бергенибизди айтты. Президент Эрдоган Иран менен АКШнын ортосундагы кагылышуу учурунда аймакыбызда башынан өткөргөн кыйынчылыктардын кейиштүү экенин, мындан ары да Бириккен Араб Эмирликтеринин эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун толук колдоорун, келтирилген зыяндардын тез арада калыбына келишин кааларын билдирди. Президент Эрдоган, Түркиянын тиешелүү өлкөлөр менен байланышта болгонун жана АКШ менен Ирандын ортосунда дипломатиялык чечимдин түзүлүшү үчүн аракет кылганын айтты - АНКАРА


