COP29дан COP31ге чейин: Азербайджан менен Түркиянын климат жана жашыл энергетика тармагындагы кызматташуусу
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш жана энергетикалык өткөөл акыркы жылдары экологиялык саясаттын чегинен ашып, коопсуздук жана тышкы саясат күн тартибинин артыкчылыктуу темаларынын бири болуп калды. Бул контекстте глобалдык климат процессинде Азербайжандын, андан кийин Түркиянын алдыңкы планга чыгышы

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш жана энергетикалык өткөөл акыркы жылдары экологиялык саясаттын чегинен ашып, коопсуздук жана тышкы саясат күн тартибинин артыкчылыктуу темаларынын бири болуп калды. Бул контекстте глобалдык климат процессинде Азербайжандын, андан кийин Түркиянын алдыңкы планга чыгышы аймак көз карашынан алганда таң калыштуу окуя. Бул контекстте COP29 жана COP31 тажрыйбаларын карап чыгуу менен эки өлкөнүн кызматташтыгынын маанисин айкыныраак көрсөтүүгө болот Саясий, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр фондунун (SETA) Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө программасынын изилдөөчүсү доктор Чагла Вурал AZERTAc агенттигине берген билдирүүсүндө мындай пикирин билдирди Азербайжандын кожоюндугунда өткөрүлгөн COP29 негизинен климаттык финансы темасы менен эсте калганын айткан Чагла Вурал, саммитте талкууланган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн каржылоонун көбөйтүлүшү темасынын эл аралык күн тартибинде дагы жагымдуу позицияга ээ болгонун эске салды. Энергия өндүрүүчү өлкөнүн бул иш-чараны өткөрүшү бул статустагы өлкөлөрдүн да климат боюнча сүйлөшүүлөрдө сөз айта алаарын көрсөтүү жагынан маанилүү болду. COP29 ошондой эле Түштүк Кавказ менен Каспий бассейнин глобалдык климаттык күн тартиби менен тыгыз байланыштырды. Бакудагы саммиттен кийин өткөн жылы Бразилияда COP30 менен процесстин улануусу жана быйыл Антальяда өткөрүлө турган COP31 менен эстафетанын Түркияга өтүшү климат дипломатиясы жагынан мураскерлик (мураскорчулук) үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк түзүүдө Бул процесске кыска тыныгуу менен географиялык жактан жакын эки өлкөнүн кошулушу аймактын артыкчылыктарын эл аралык аренада күчтүүрөөк көрсөтүүнү камсыздай алат. Ошентип, Бакуда күчөгөн климаттык күн тартиби, өзгөчө адилеттүү энергия өтүү жана энергетика коопсуздугу темаларында Антальяда алдыга кадам таштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Түркиянын COP31ге коноктошу өлкөнүн климаттык дипломатиядагы таасирин арттырып, «2053 таза нөл чыгаруу» максатына карай кадамдарын глобалдык деңгээлде дагы көрүнүктүү кылат. Европа менен Азиянын ортосундагы географиялык жана стратегиялык абалы Түркияны глобалдык климат дипломатиясында ар башка тараптардын ортосунда көпүрө кура ала турган жана бул процессте жашыл трансформацияны ылдамдата ала турган актер кылууда "Бул ырааттуулуктун эң конкреттүү көрүнүштөрүнүн бири Азербайжан менен Түркиянын жашыл энергетика тармагындагы кызматташтыгы болуп саналат. Узак убакыттан бери карым-катнаштар мунай жана жаратылыш газына негизделген багытта өнүгүп, эки өлкө бири-биринин мүмкүнчүлүктөрүн энергетика коридорлору аркылуу байытып келет. Бүгүнкү күндө ошол эле өнөктөштүк кайра жаралуучу энергия боюнча кайра түзүлүүдө. Азербайжан бул процесске деңиз потенциалы жана шамал энергетикасы жаатындагы долбоорлор менен салым кошууда. Ал эми жашыл энергия зонасы катары пландалып жаткан Түркия, кайра жаралуучу энергия боюнча жакшыртылган тармактык инфраструктурага ээ жана өсүп келе жаткан жергиликтүү өнөктөштүк үчүн күчтүү техникалык базаны камсыздайт Изилдөөчү бул кызматташтыктын эффекти бир гана энергетика тармагында эмес экенин баса белгиледи. Анткени суу ресурстарын башкаруу, трансчегаралык булгануу жана табигый кырсыктарга туруктуулук сыяктуу маселелер бир гана өлкө чече ала турган маселе эмес. Ушул себептен Азербайжан менен Түркиянын климат саясатында биргелешкен аракети Түштүк Кавказ жана Каспий бассейнинде ырааттуулукка салым кошо ала турган фактор катары чоң мааниге ээ "Эки өлкөнүн жашыл энергетика, экологиялык коопсуздук жана климат саясаты жаатындагы биргелешкен иш-аракеттери аймактын келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул кызматташтыктын чыныгы мааниси анын аймакты жөн гана энергетикалык өткөөл маршрутунан жашыл энергияны өндүргөн жана экспорттоочу борборго айландыруу потенциалында. Бул трансформацияны бирдиктүү контекстте эске алуу менен экономикалык өсүш, жумуштуулук жана энергетикалык коопсуздукту өнүктүрүүгө да түздөн-түз салым кошот13. Аймактык кызматташтыкты тереңдетүү жана бул потенциалды реалдуу милдеттенмелерге айландыруу негиз түзөт», - деди ал 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


