Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

ЕБ Connectivity долбоору Кыргызстандагы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү жана STEM билимин жакшыртат

Европа Биримдиги шаар жана айыл мектептеринин ортосундагы санариптик ажырымды кыскартууга жана мектеп окуучуларынын заманбап билим берүү технологияларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган санариптик-жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү (Connectivity) долбоору аркылуу Кыргызстанда сан

0 көрүүkaktus.media
ЕБ Connectivity долбоору Кыргызстандагы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү жана STEM билимин жакшыртат
Paylaş:

Европа Биримдиги шаар жана айыл мектептеринин ортосундагы санариптик ажырымды кыскартууга жана мектеп окуучуларынын заманбап билим берүү технологияларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган санариптик-жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү (Connectivity) долбоору аркылуу Кыргызстанда санариптик билим берүүнү жана инновацияны өнүктүрүүнү колдоону улантууда Евробиримдиктин долбоорунун алкагында Ош жана Баткен облустарындагы он мектепте интернет инфраструктурасы жаңыланды жана 22 заманбап Wi-Fi роутерлери орнотулду, бул 10 миңден ашык окуучуга жана 350 мугалимге санариптик билим берүү ресурстарына туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылды. Мектептерде ошондой эле реалдуу убакыт режиминде интернет байланышынын сапатына мониторинг жүргүзүү системасы ишке киргизилди, бул байланыштын ишенимдүүлүгүн жогорулатты Ошондой эле Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы он мектеп заманбап тармактык инфраструктурага кошулду. Мектептерде 70тен ашык Wi-Fi түйүндөрү орнотулуп, 3 чакырымдан ашык CAT6 тармактык кабели тартылып, заманбап тармактык жабдуулар ишке киргизилди Долбоордун алкагында алты мектеп окуучуларга робототехника, программалоо жана инженердик дизайн боюнча практикалык тажрыйба алууга мүмкүндүк берген FIRST LEGO робототехника комплекттерин алышты. Мугалимдер үчүн тренингдер, ал эми мектеп командалары үчүн насаатчылар менен окуу күндөрү өткөрүлдү. Натыйжада мектептерде STEM клубдары жана робототехника командалары активдүү өнүгө баштады. Ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында 500дөн ашык мектеп окуучуларын, мугалимдерди жана насаатчыларды бириктирген робототехника боюнча эки республикалык чемпионат болуп өттү. Сынакта жеңген үч мектеп эл аралык чемпионаттарга катышууга квота алышты Мындан тышкары, инклюзивдик билимге, жашыл көндүмдөрдү жана санариптик сабаттуулукка арналган окуу куралдары кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде иштелип чыккан. Долбоордун алкагында билим берүү технологияларын, туризмди жана экологиялык чечимдерди алдыга жылдырган жети перспективдүү стартап ишке киргизилди "Санариптик билим берүү жана STEM көндүмдөрүн өнүктүрүү Кыргызстандын жаштарынын келечегине маанилүү инвестиция болуп саналат. Европа Биримдиги мектеп окуучуларынын жашаган аймагына карабастан заманбап технологияларга жана сапаттуу билимге бирдей жетүүсүн камсыз кылган демилгелерди колдоону улантат", - деди Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер мырза

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler