"Си-Эн-Эндин Азербайжанга карата дооматтары одоно маалымат манипуляциясы" - МЕДИА
5-июнда CNN өзү ойлоп тапкан “булактарга” шилтеме жасап, Израил Иран менен согуш учурунда Азербайжандын аймагын пайдаланды деген айыптоолор камтылган материалды жарыялады. Дүйнөгө белгилүү трансулуттук медиа компаниясы тарабынан эч кандай фактыларга шилтеме жасабастан ачыктан-ачык жасалма маалыматта

5-июнда CNN өзү ойлоп тапкан “булактарга” шилтеме жасап, Израил Иран менен согуш учурунда Азербайжандын аймагын пайдаланды деген айыптоолор камтылган материалды жарыялады. Дүйнөгө белгилүү трансулуттук медиа компаниясы тарабынан эч кандай фактыларга шилтеме жасабастан ачыктан-ачык жасалма маалыматтардын таркатылышын атайын жасалган одоно маалыматтык манипуляция деп эсептейбиз Бул ойлор ЖМКны өнүктүрүү агенттигинин билдирүүсүндө жазылганын 525.az басылмасы жазды Маалыматта тең салмактуулукту сактоо сыяктуу медиа этикасынын баалуулуктарын жана профессионалдык журналистиканын негизги принциптерин көз жаздымда калтырган CNN жалган маалымат таратуу менен анын аброюна гана доо кетирбестен, гибриддик согуштун үгүттөөчү куралы катары да иш алып барганы белгиленди CNN тараткан жалган маалымат Азербайжанга жана жалпы регионалдык коопсуздукка каршы багытталган саясий провокация болуп саналат. Бул маалыматты таратуу эл аралык коомчулукта баш аламандыктарды жаратуудан тышкары, регионалдык стабилдүүлүккө жана мамлекеттер аралык мамилелерге доо кетирип, чөлкөмдө чыңалууну жаратууга эсептелген Азербайжан Республикасынын аймагы эч качан Иран Ислам Республикасына каршы пайдаланылбаганы жана мындай ойдон чыгарылган, бир жактуу маалымат одоно маалымат манипуляциясы болуп саналат деп жогорку расмий деңгээлде бир нече жолу айтылган «Аймактык коопсуздукка коркунуч туудурган жана маалымат каражаттарынын этикасынын жана журналисттик кесипкөйлүктүн принциптерине каршы келген формада маалымат таратуу менен коомдук пикирди чаташтырууга аракет кылган CNN телеканалынын төгүнгө чыгаруусун жана Азербайжандан кечирим суроосун талап кылабыз», — деп айтылат билдирүүдө


