Чүйдө мыйзам талабын бузган курулуш убактылуу токтотулду
Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Чүй облусунун Новопокровка айылынын Проектируемая көчөсүндө көп кабаттуу турак жай объектисинде курулуш мыйзамдарынын талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Чүй облусунун Новопокровка айылынын Проектируемая көчөсүндө көп кабаттуу турак жай объектисинде курулуш мыйзамдарынын талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, объектте курулуш-монтаждоо иштери уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлүп жаткан. Мындан тышкары, объектиде өрткө каршы коопсуздук аралыктары сакталган эмес Буга байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жакка мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди Ошондой эле кемчиликтер жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулуп, айып пул салынды


