Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Чугуев менен Харьковго соккуда бир нече киши каза тапты, 15тен ашууну жараат алды

Орусиянын армиясы 9-июнга караган түнү Украинанын Харьков облусун дрон жана ракеталар менен аткылады. Чугуевде үч киши каза таап, дагы үчөө жараат алды. Харьковдо 15 киши жараат алды, анын экөө балдар Харьковдун мэри Игорь Терехов шаарга жапырт чабуул болгонун кабарлады Харьков облустук аскердик а

0 көрүүazattyk.org
Чугуев менен Харьковго соккуда бир нече киши каза тапты, 15тен ашууну жараат алды
Paylaş:

Орусиянын армиясы 9-июнга караган түнү Украинанын Харьков облусун дрон жана ракеталар менен аткылады. Чугуевде үч киши каза таап, дагы үчөө жараат алды. Харьковдо 15 киши жараат алды, анын экөө балдар Харьковдун мэри Игорь Терехов шаарга жапырт чабуул болгонун кабарлады Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов дарыгерлер үч балага жардам көрсөткөнү, анын бири бир жашар наристе экенин тактады Чабуулдардан турак жайлар, бизнес борбору, административдик жана өнөр жай имараттары, кафе, чиркөө жана автоунааларга зыян келтирилди "Дрондордун бири көп кабаттуу турак жайга тийди. Кудай жалгап, эч ким жабыркаган жок. Имараттын жанында унаалар күйүп кетти, ондогон адамдар жабыркады, жакын жердеги имараттардын терезелери талкаланды. Дагы бир дрон көп кабаттуу үйдүн сегизинчи жана тогузунчу кабаттардын ортосуна тийди. Бактыга жараша, ал жарылган жок. Тургундар эвакуацияланды", - деп жазды Игорь Терехов Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Чугуевде гараждар, автоунаалар, турак жайлар жана башка имараттар зыян тартты Днепропетровск облусунда үч адам жаракат алган. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа Никополь районунда эки адам жаракат алганын, инфраструктура, көп кабаттуу жана жеке үйлөр, дарыкана, кафе, чарбалык имарат жана машинелерге зыян келтирилгенин билдирди. Павлоград районунда жер тамга урулган соккуда бир аял жеңил жаракат алган Украина аба күчтөрүнүн күнүмдүк маалыматына таянсак, Орусия 9-июнга караган түнү Украинага эки Х-59/69 ракетасы жана 166 дрон менен чабуул койду, 146 дрон атып түшүрүлдү Орусиянын армиясы түнкү соккулар боюнча комментарий берген жок

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler