Чыгыш Казакстан облусундагы «Казцинк» заводунда болгон авариядан кийин экологдордун өлчөөлөрү эмнени көрсөттү
«Казцинк» ишканасынын аймагындагы жарылуудан кийин Чыгыш Казакстан облусунун экология департаментинин адистери өлчөө жана анализдерди жүргүздү. Изилдөөнүн жыйынтыгында уруксат берилген ченемдердин бир аз ашып кеткени катталды, бирок калкка эч кандай коркунуч болгон жок, деп билдирет Orda.kz Экологд

«Казцинк» ишканасынын аймагындагы жарылуудан кийин Чыгыш Казакстан облусунун экология департаментинин адистери өлчөө жана анализдерди жүргүздү. Изилдөөнүн жыйынтыгында уруксат берилген ченемдердин бир аз ашып кеткени катталды, бирок калкка эч кандай коркунуч болгон жок, деп билдирет Orda.kz Экологдордун айтымында, адистер окуя болгондон кийин дароо барып, керектүү өлчөөлөрдү жүргүзүшкөн. Анализдер нормадан четтөөлөрдү көрсөттү, бирок көрсөткүчтөр критикалык мааниге жеткен жок. Тургундардын ден соолугуна залакасын тийгизе турган коркунучтуу газдар табылган жок, деп айтылат билдирүүдө Ал ортодо Чыгыш Казакстан ИИМинин басма сөз кызматы эки же андан көп адамдын өлүмүнө себеп болгон эмгек коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталганын билдирди Буга чейин дарыгерлер "Казцинк" заводундагы авариядан кийин жабыркагандардын абалын айтып чыгышкан. Беш адам медициналык мекемеге жеткирилип, экөө ооруканага жаткырылды, бирөөнүн абалы оор

