Казакстанда чакан жана орто бизнестин саны 2,2 миллионго чейин өстү
Казакстанда үй чарбаларынын кирешесин жогорулатуу программасы ишке киргенден бери иш менен камсыз кылуунун жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү өстү, деп билдирди улуттук экономиканын биринчи вице-министри Азамат Амрин өкмөттө өткөн маалымат жыйынында Анын айтымында, ишт

Казакстанда үй чарбаларынын кирешесин жогорулатуу программасы ишке киргенден бери иш менен камсыз кылуунун жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү өстү, деп билдирди улуттук экономиканын биринчи вице-министри Азамат Амрин өкмөттө өткөн маалымат жыйынында Анын айтымында, иштеп жаткан чакан жана орто бизнестин саны 1,8 миллиондон 2,2 миллионго чейин өстү. Бул тармакта иштегендердин саны 4,5 миллион адамга жетти Чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү ички дүң продуктунун 40,9%га чейин өстү. Жумушсуздуктун деңгээли 4,6%га төмөндөдү, ал эми иш менен камсыз болгон жарандардын саны 912,8 миң адамга өстү Амрин белгилегендей, бул көрсөткүчтөр калктын кирешесин жогорулатуу программасын ишке ашырууга байланыштуу. Анын жаңы этабы 2026–2029-жылга эсептелген жана алты багытта 59 иш-чараны камтыйт Такталган план жарандардын реалдуу кирешелерин жогорулатууга, сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Аймактык көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн акимиаттар кирешени көбөйтүү боюнча өз программаларын да иштеп чыгышкан


