Оралдагы автосалондо төрт аял бийиктен кулап, жабыркады
Оралда төрт аял колго жасалган көтөрүүчү механизмден кулап, жаракат алды, деп билдирет Orda.kz «Мой город» басылмасына шилтеме берүү менен Окуя 16-апрелде автосалондун имаратында болгон. Батыш-Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча, жер менен экинчи кабаттын ортосунд

Оралда төрт аял колго жасалган көтөрүүчү механизмден кулап, жаракат алды, деп билдирет Orda.kz «Мой город» басылмасына шилтеме берүү менен Окуя 16-апрелде автосалондун имаратында болгон. Батыш-Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча, жер менен экинчи кабаттын ортосунда кыймыл үчүн колдонулган жүк көтөрүүчү механизмдин кабели үзүлгөн Мамэкотехинспекциянын облустук башкармалыгы 24-апрелден бери иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын, айдын аягына чейин бүтүшү керектигин билдирди Бул окуя боюнча юрист Ильяс Сарсенгалиев «Урал жумалыгына» берген комментарийинде жабырлануучулар буга чейин ооруканадан чыгып, үй шартында дарылануусун улантып жатканын билдирди Автосалондун өкүлү кошумчалагандай, бул аппарат лифт болуп эсептелбейт жана адамдарды ташуу үчүн арналган эмес деп ишендирүүдө. Бул максаттар үчүн колдонууга катуу тыюу салынат. Жабырлануучулардын лифтте эмне себептен болгондугу тиешелүү органдар тарабынан иликтенүүдө


