Алар 10 кг жакын гашишти Баткен облусу аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга ташып өтүүнү көздөшкөн
Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңги затын мыйзамсыз ташуу токтотулду КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен облусунун аймагында баңги каражаттарыны

Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңги затын мыйзамсыз ташуу токтотулду КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен облусунун аймагында баңги каражаттарынын ири партиясын мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди Баткен облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу оор баңги затын мыйзамсыз ташуу, контрабанда жана сатуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баңгизаттын ири партиясын Тажикстандын аймагынан андан ары транзиттик өткөрүү максатында мыйзамсыз ташып жүргөн уюшкан топтун аракеттери тууралуу маалымат түшкөн. Өзбекстандын аймагына контрабандалык жол менен өтүү Алынган маалыматтын негизинде Кадамжай районунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Баткен районунун тургуну, жаран А.С. 1987-жылы туулган Шектүүнүн унаасынан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө баңги затына окшош өзгөчө жыты бар зат салынган 10 таңгак табылып, алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 9 кг болгон «гашиш» баңги заты болгон. 908 гр. 8 мг Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат


