Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Дүйнөлүк чемпионат. Биринчи кун кандай болду

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алгачкы эки беттеши өттү. Эскерте кетсек, саат айырмасына байланыштуу негизги беттештер Бишкек шаарында түн бир оокумда же таңга маал болгондо өтөт Мексика - Түштүк Африка - 2:0; Түштүк Корея – Чехия – 2:1 Дүйнө чемпионаты Мексикада – теңдешсиз Диего Марадонанын

0 көрүүkaktus.media
Дүйнөлүк чемпионат. Биринчи кун кандай болду
Paylaş:

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алгачкы эки беттеши өттү. Эскерте кетсек, саат айырмасына байланыштуу негизги беттештер Бишкек шаарында түн бир оокумда же таңга маал болгондо өтөт Мексика - Түштүк Африка - 2:0; Түштүк Корея – Чехия – 2:1 Дүйнө чемпионаты Мексикада – теңдешсиз Диего Марадонанын легендарлуу беттештери өткөн Ацтека стадионунда башталды. Ачылышта Шакира жана Андреа Бочелли өнөрлөрүн көрсөтүштү, маскалар жана татаал костюмдар кийген элдик бийлер, ошондой эле мурунку чемпионаттан сүрөттөр көрсөтүлдү Мексика Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңди. Турнирдеги биринчи голду матчтын 9-мүнөтүндө чабуулчу Жулиан Киньонес, экинчини экинчи таймдын ортосунда Мексика курамасынын 35 жаштагы ардагери Рауль Хименес киргизди Беттештин жүрүшүндө бразилиялык калыс Вилтон Сампайо оюнчуларга үч ирет кызыл карточка көрсөттү. Бул дүйнөлүк чемпионаттын тарыхында биринчи жолу ачылуучу беттештерде болду. 49-мүнөттө биринчи болуп түштүк африкалык Яя Ситоле оюндан четтетилди. 2:0 эсебинде анын командалашы Темба Зване кызыл карточка көрдү. Мексиканын курама командасынын оюнчусу Сезар Монтес да оюндун кошумча убактысында оюндан четтетилди Экинчи беттешинде Түштүк Корея курамасы дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын 1-турдук беттешинде Чехиянын командасын 2:1 эсебинде утуп алды. Түштүк Кореянын курама командасынын голдорун жарым коргоочу Хван Ин Беом жана чабуулчу О Хён Гю киргизишти. Чехиялык команда үчүн жалгыз голду коргоочу Ладислав Крейчи киргизди Беттеш Мексиканын Сапопан шаарындагы "Акрон" стадионунда өттү Матчтарды качан көрүш керек, биз бул жерде айтабыз Ал эми ким эфирге чыгууга укук алып, ким комментарий берерин бул жерден биле аласыз

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler