Үч кылмыш иши боюнча айыптоодон баш тартылды – прокуратура
Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Былтыр Бишкек шаарынын жергиликтүү соттору тарабынан каралган 2 кылмыш иши жана 2026-жылдын алгачкы беш айында каралган 1 кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоочулар мамлекеттик айыптоодон баш тартышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти Маалыматка ыла

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Былтыр Бишкек шаарынын жергиликтүү соттору тарабынан каралган 2 кылмыш иши жана 2026-жылдын алгачкы беш айында каралган 1 кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоочулар мамлекеттик айыптоодон баш тартышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти Маалыматка ылайык, мамлекеттик айыптоочулар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарын жетекчиликке алып, мамлекеттик айыптоодон баш тартуу чечимин кабыл алышкан. Натыйжада соттор тарабынан тиешелүү чечимдер чыгарылган Аталган норма боюнча, эгер соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыптоо жетиштүү далилдер менен ырасталбаса же аны колдоо үчүн мыйзамдык негиздер жок экендиги аныкталса, прокурор мамлекеттик айыптоодон баш тартууга милдеттүү Прокуратура органдары бул жарандардын укуктарын коргоого, мыйзамсыз жана негизсиз айыптоолорго жол бербөөгө багытталган маанилүү процессуалдык чечим болуп эсептелерин белгилешет


