Жейхун Байрамов Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады
4-июнда Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев телефон аркылуу сүйлөштү Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, телефондук сүйлөшүүдө министр Жейхун Байрамов Кыргыз Республикасынын көпчүлүк

4-июнда Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев телефон аркылуу сүйлөштү Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, телефондук сүйлөшүүдө министр Жейхун Байрамов Кыргыз Республикасынын көпчүлүк добуш менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин (КК) туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктаганын айтты Тараптар аймактык жана көп тараптуу платформаларда, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн азыркы деңгээлине канааттангандыгын билдирип, саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды Телефондук сүйлөшүүдө эки тараптуу жана эки тарапты кызыктырган башка регионалдык маселелер боюнча да пикир алмашылды


