CENTCOM: АКШ армиясы Иранга сокку уруусун аяктады
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандын АКШ армиясына таандык Apache тик учагын атып түшүрүшүнө жооп иретинде жүргүзүлгөн аскердик операциянын аяктаганын жарыялады АПАнын маалыматына ылайык, CENTCOM тараткан билдирүүдө операция 9-июнда АКШ президентинин жана Куралдуу күчтөрдүн башкы коман

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандын АКШ армиясына таандык Apache тик учагын атып түшүрүшүнө жооп иретинде жүргүзүлгөн аскердик операциянын аяктаганын жарыялады АПАнын маалыматына ылайык, CENTCOM тараткан билдирүүдө операция 9-июнда АКШ президентинин жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын буйругу менен жүргүзүлгөнү айтылат Маалыматка ылайык, АКШнын Аскер-аба күчтөрүнө жана Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык согуштук учактар Ирандын Ормуз кысыгына жакын жайгашкан абадан коргонуу системаларына, жердеги башкаруу пункттарына жана байкоочу радарларына жогорку тактыктагы ок-дарылар менен сокку урду CENTCOM бул операция АКШ күчтөрүнө жана аймактык суулардан транзиттик өткөн эл аралык соода кемелерине каршы жакында жасалган кол салууларга пропорционалдуу жооп болгонун билдирди Билдирүүдө АКШ күчтөрүнүн Ирандан келүүчү ыктымал коркунучтарга каршы кыраакы бойдон турганы жана коргонуу чараларын улантуусу белгиленди


