Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Былтыр Акыйкатчы институтуна сот иштерине нааразы болгон 816 кайрылуу түшкөн

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Бишкекте өлкөдөгү сот адилеттигин бекемдөө боюнча мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң талкуу өттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти Жыйынга катышкан акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө сот тутуму

0 көрүүkabar.kg
Былтыр Акыйкатчы институтуна сот иштерине нааразы болгон 816 кайрылуу түшкөн
Paylaş:

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Бишкекте өлкөдөгү сот адилеттигин бекемдөө боюнча мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң талкуу өттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти Жыйынга катышкан акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө сот тутуму адилеттүү жана көз карандысыз иштегенде гана жарандардын мамлекетке жана мыйзамга болгон ишеними артарын өзгөчө белгиледи Талкуунун жыйынтыгында Акыйкатчы институтунун алдында туруктуу иштеген атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Жогорку сот, Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги жана адвокаттар кирген бул топ соттук териштирүү укуктарын коргоо боюнча жаңы стратегиянын долбоорун даярдайт Маалым болгондой, өткөн жылы Акыйкатчы институтуна сот иштерине нааразы болгон жарандардан 816 кайрылуу түшкөн, анын ичинен 572си сот процесстерине көз салып (мониторинг жүргүзүп) берүү өтүнүчтөрү болуп саналат

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler