Улуу Британия орусиялык мунай танкерин кармады
Британ күчтөрү Орусиянын "көмүскө флотуна" байланышы бар мунай танкерин Ла-Манш аркылуу өтүүгө аракет кылып жатканда кармашты Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер билдирди. Анын айтымында, операция жекшемби күнү эртең менен жасалган Маалыматта белгиленгендей, Королдук деңиз

Британ күчтөрү Орусиянын "көмүскө флотуна" байланышы бар мунай танкерин Ла-Манш аркылуу өтүүгө аракет кылып жатканда кармашты Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер билдирди. Анын айтымында, операция жекшемби күнү эртең менен жасалган Маалыматта белгиленгендей, Королдук деңиз жөө аскерлеринин жоокерлери менен Улуттук кылмыштуулук менен күрөшүү агенттигинин кызматкерлери «SMYRTOS» аттуу танкерге отурушкан. Учурда кеме Улуу Британиянын түштүк жээгине жакын жерде кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат Британиянын Коргоо министрлиги операция улуттук жана эл аралык мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди Кир Стармер бул операциянын Орусияга каршы дагы бир сокку экенин белгиледи "Бул ийгиликтүү операция Орусияга дагы бир сокку урууда. Путиндин Украинадагы согушун каржылап жаткандар жашыра албай турганын көрүп жатышат", - деди британ премьери Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялардан качуу жана мунай экспортун улантуу үчүн “көмүскө флот” деп аталган кемелердин тармагы колдонулуп жатканын кабарлашууда. Москва бул айыптоолорду четке кагууда


