Улуу Британиянын өкмөтү: Кир Стармер жайында премьер-министр болуп калат - UPDATE
Улуу Британиянын санариптик технологиялар, маданият, медиа жана спорт министри Лиза Нанди Sky Newsке берген маегинде Стармердин жакынкы айларда кызматтан кетишин күтпөй турганын айтты "Жок, мен муну күтпөйм", - деди ал Стармер жайга чейин премьер-министрликтен кетеби деген суроого Нандинин айтым

Улуу Британиянын санариптик технологиялар, маданият, медиа жана спорт министри Лиза Нанди Sky Newsке берген маегинде Стармердин жакынкы айларда кызматтан кетишин күтпөй турганын айтты "Жок, мен муну күтпөйм", - деди ал Стармер жайга чейин премьер-министрликтен кетеби деген суроого Нандинин айтымында, ал акыркы жумада премьер-министр менен бир нече жолу сүйлөшкөнүн жана Стармер шейшемби күнү кабинетке эгер кимдир бирөө ага каршы чыккысы келсе, мунун белгиленген тартиби бар экенин айтты Учурда Улуу Британиянын мурдагы саламаттыкты сактоо министри Уэс Стритинг гана Стармерге каршы чыгуу ниетин билдирди. Бирок азырынча расмий процедура баштала элек Британиянын премьер-министри Кейр Стармер кызматтан кетүүгө ниеттенип жатканын жакын досторуна билдирди. Бул тууралуу Daily Mail өз булактарына таянуу менен билдирди "Кир саясий реалдуулукту түшүнөт... Ал жөн гана татыктуу жана өзү тандаган жол менен жасагысы келет. Ал убакытты өзү жарыялайт", — деди министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн бири Министрлер кабинетиндеги дагы бир булактын айтымында, кызматтан кетүү тууралуу билдирүү качан чыгаары азырынча белгисиз


