БУУда 142 добушка ээ болуунун артында эбегейсиз эмгек турат – мамкатчы
Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. БУУда 142 добуш алуу оңой иш болгон жок, себеби бул колдоого ээ болуу үчүн кыргыз дипломаттары, чет өлкөлөрдөгү элчиликтер жана Тышкы иштер министрлиги эбегейсиз жумуш аткарып, масштабдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мамлекеттик катчы Арслан К

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. БУУда 142 добуш алуу оңой иш болгон жок, себеби бул колдоого ээ болуу үчүн кыргыз дипломаттары, чет өлкөлөрдөгү элчиликтер жана Тышкы иштер министрлиги эбегейсиз жумуш аткарып, масштабдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мамлекеттик катчы Арслан Койчиев билдирди Анын айтымында, мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, жолугушууларды жеке өзү уюштуруп, кайрылууларды жасаган. Бул эң оболу, Кыргызстандын тышкы саясатынын зор ийгилиги болуп саналат Эске салсак, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланган. Добуш берүүгө 191 мамлекет катышып, анын жыйынтыгында Кыргызстан 142 добушка ээ болуп, ишенимдүү жеңишке жеткен Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары ыйгарым укуктарын аткаруусу 2027-жылдын 1-январында башталат


