БУУ: Акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу качкындардын саны азайды
Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Дүйнөдө 2015-жылдан бери биринчи жолу жаңжалдардан жана куугунтуктан улам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон адамдардын саны азайды. Бул тууралуу БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгынын жаңы баяндамасына таянуу менен БУУнун Жаңылыктар кызматы билдирди Ба

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Дүйнөдө 2015-жылдан бери биринчи жолу жаңжалдардан жана куугунтуктан улам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон адамдардын саны азайды. Бул тууралуу БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгынын жаңы баяндамасына таянуу менен БУУнун Жаңылыктар кызматы билдирди Баяндамага ылайык, өткөн 2025-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү качкындардын жалпы саны 3%ка азайып, 41,6 млн адамды түздү Өткөн жылы 14,7 млн адам туруктуу жашаган жерлерине кайткан (анын ичинде 4,4 млн качкын жана 10,3 млн ички мигранттар). Эң көп кайтуулар Афганистан, Судан жана Сирияда катталган Белгиленгендей, качкындардын 70%дан ашыгы алты өлкөгө туура келет: Афганистан, Венесуэла, Сирия, Судан, Украина жана Түштүк Судан. Ал эми Колумбия, Германия, Түркия, Уганда, Иран, Чад жана Пакистан качкындарды эң көп кабыл алган өлкөлөр болуп саналат


