Бундестаг экономикалык кризистен улам депутаттардын айлык акысын жогорулатуудан баш тарта алат
Германиянын Бундестагы 2026-жылы депутаттардын айлык акысын кезектеги жогорулатуудан баш тартууну пландоодо Бул тууралуу ДПА агентствосу башкаруучу христиандык-демократиялык жана христиандык-социалдык союздук блогунун жана Германиянын социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракцияларындагы

Германиянын Бундестагы 2026-жылы депутаттардын айлык акысын кезектеги жогорулатуудан баш тартууну пландоодо Бул тууралуу ДПА агентствосу башкаруучу христиандык-демократиялык жана христиандык-социалдык союздук блогунун жана Германиянын социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракцияларындагы булактарга таянуу менен билдирди Маалыматка ылайык, айлык акыны жогорулатуудан баш тартуу боюнча мыйзам долбоору ушул аптада парламенттин талкуусуна коюлушу мүмкүн Муну менен депутаттар оор экономикалык шарттарда үнөмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу калкка кайрылууну көздөшүүдө Учурда бундестагдын депутатынын айлык маянасы 11,8 миң еврого жакын. Июль айынан баштап бул сумма 497 еврого көбөйүп, 12 миң 330 еврого чейин көтөрүлүшү керек болчу Белгиленгендей, депутаттардын айлык акысы өлкөдөгү орточо айлыкка жараша автоматтык түрдө индексацияланат Жашылдар, Германия үчүн альтернатива жана Солчул партиялар да учурдагы шарттарда айлык акыны жогорулатууга каршы чыгышты

