Бул өлкөдө бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге тыюу салынган
Германияда бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге тыюу салуу боюнча мыйзам даярдалууда Бул тууралуу өлкөнүн экология, климат, жаратылышты коргоо жана өзөктүк коопсуздук министри Карстен Шнайдер билдирди Министрдин айтымында, бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге тыюу салуу боюнча м

Германияда бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге тыюу салуу боюнча мыйзам даярдалууда Бул тууралуу өлкөнүн экология, климат, жаратылышты коргоо жана өзөктүк коопсуздук министри Карстен Шнайдер билдирди Министрдин айтымында, бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору быйыл Федералдык Жыйынга сунушталат Даярдала турган мыйзам долбооруна ылайык, бул тамекилерди Германияда сатууга биротоло тыюу салуу пландалууда Шнайдер тыюу салуунун себеби катары бул аппараттардын өрт коркунучун атады Ал белгилегендей, колдонуучулар бул тамекилерди турмуш-тиричилик таштандылары же кайра иштетүү баштыктары менен бирге ыргытып, таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларда өрт чыгып кетишет


