Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Британия орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салды

Британия орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салды. Падышалыктын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, алар пилотсуз учактарды чыгарууга жана мигранттарды согушка жалдоо ишине аралашкан Кабарга караганда, атайын түйүндөр чет элдик мигранттарды алдоо жолу менен жалдап согушка салы

0 көрүүazattyk.org
Британия орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салды
Paylaş:

Британия орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салды. Падышалыктын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, алар пилотсуз учактарды чыгарууга жана мигранттарды согушка жалдоо ишине аралашкан Кабарга караганда, атайын түйүндөр чет элдик мигранттарды алдоо жолу менен жалдап согушка салышат же аскердик ишканаларда иштөөгө мажбурлашат Атап айтканда «кара тизмеге» «Алабуга Старт» программасынын алкагында чет өлкөлүк жарандарды жалдаган Анастасия Барышева, Константин Трифонов, Чулпан Исламова, Савсан Юсупова, Эльмир Сайфуллин, Мишел Ги Франс Авана Атеба жана франциялык Enangue Holding илинди. Алар негизинен Камерундун жарандарын жалдашканы аныкталды Ал эми “чет элдиктердин соодасына” тиешеси бар деп беш компания жана үчүнчү мамлекеттердин тогуз жараны санкцияга кабылды Миграцияны Украинадагы абалды бейстабилдиштирүү максатында колдонуу үчүн жазалоочу чаралар мурдагы мугалим Полина Азарныхка каршы киргизилди. БиБиСи буга чейин жазгандай, ал Жакынкы Чыгыштын жана Африка жарандарын Телеграм каналдар аркылуу согушка жалдачу. Акыркы бир жылда Йемен, Сирия, Египет, Марокко, Ирак, Кот-д'Ивуар жана Нигериядагы 490 кишиге чакыруу жолдогон Британ министрлиги чет элдиктер абалды туруксуздаштыруу үчүн Польша жана Финляндияга да жөнөтүлгөнүн билдирди Мындан тышкары пилотсуз учактарды, алардын тетиктерин чыгарган же Орусияны кош стандарттагы товарлар менен камсыздаган орусиялык жана чет өлкөлүк кишилер менен компаниялар тизмеге киргизилди “Орусия мигранттарды согуш машинасын колдоо үчүн пайдаланууга аракеттенгендиктен бүгүнкү санкциялар аярлуу катмар болгон мигранттардын соодасы менен алектенген, аларды путиндик уруштун кан майданына салган, ошондой эле дрон чыгарган заводдорду камсыздаган компанияларга каршы түздөн-түз багытталган”, - деп айтылат британ тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө Өлкөнүн Европа иштери боюнча министри Стивен Даути Орусиянын согушту жүргүзүү үчүн “аярлуу кишилерди эксплуатация кылуусун” "варвардык" ыкма деп атады "Азаттык" буга чейин Татарстандагы “Алабуга Политех” студенттерди сокку урган дрондорду жасоого ачыктан ачык эле үндөп келгенин, ал жакка тапшырган кыргызстандыктар арбын экенин аныктаган

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler