Чүй облусунан келген браконьер Акчабарда мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн 212 миң сом төлөгөн
Кемин районунун тоолорунда мыйзамсыз аңчылык кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. аттуу жарандан браконьерликтин натыйжасында алынган эки жапайы каман, бир элик, эки кыргоол жана бир чукар алынды Кылмышкер Кемин райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жаныбарлар дүйнөсүнө жана айлана-чөйрөгө келт

Кемин районунун тоолорунда мыйзамсыз аңчылык кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. аттуу жарандан браконьерликтин натыйжасында алынган эки жапайы каман, бир элик, эки кыргоол жана бир чукар алынды Кылмышкер Кемин райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жаныбарлар дүйнөсүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн ага 212 миң сом айып салынып, ал өз ыктыяры менен толук төлөндү Ошондой эле, жарандан мыйзамсыз колдонулган мергенчилик куралы алынып, райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары браконьер үч жылга аңчылык укугунан ажыратылды Мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү экологиялык органдардын артыкчылыктуу багыты бойдон калууда, анткени браконьерлик өлкөнүн жапайы жаныбарлардын популяциясына жана экосистемасына олуттуу зыян келтирет Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз


