Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш: ФАО Кыргызстанда 400 миңден ашык бак-дарак отургузду -

Быйыл жазында ФАОнун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү долбоорунун алкагында Кыргызстандын төрт облусуна 400 миңден ашуун токой жана мөмө-жемиш көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди Маалым болгондой, көчөт отургузуу иштери Өзгөн, Сузак, Ак-Талаа жана Тогуз-Т

0 көрүү24.kg
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш: ФАО Кыргызстанда 400 миңден ашык бак-дарак отургузду -
Paylaş:

Быйыл жазында ФАОнун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү долбоорунун алкагында Кыргызстандын төрт облусуна 400 миңден ашуун токой жана мөмө-жемиш көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди Маалым болгондой, көчөт отургузуу иштери Өзгөн, Сузак, Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорундагы мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана муниципалдык аймактарда 500 гектардан ашык аянтка жүргүзүлгөн Бул аймактар Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын климаттык жактан эң аялуу аймактары катары тандалган. 27 жылдын ичинде климаттык байкоолор боюнча бул жерде орточо жылдык температура 1,5 градуска жогорулаган. Бир катар аймактарда жаан-чачындын азайышы, ошондой эле жер көчкү жана сел сыяктуу табигый кырсыктардын саны көбөйүүдө «Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча отургузуу үчүн төмөнкү түрлөрдүн көчөттөрү тандалып алынган: Кыргызстандын климаттык шартына ыңгайлашкан, туруктуулугу жана көмүртекти сиңирүү жөндөмдүүлүгү жогору Тянь-Шань карагайы, арча, жаңгак, бадам, терек, алма, өрүк, кара өрүк», - деп билдирди ФАО Ошол эле учурда долбоордун алкагында көчөттөр гана эмес, зарыл болгон жерлерде коргоочу тосмолор жана тамчылатып сугаруу системалары үчүн материалдар да каралган. Ошондой эле жергиликтүү тургундар климаттын өзгөрүшүнө көнүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, токойлорду жана жайыт жерлерди натыйжалуу башкаруу жана жакшыртуу боюнча окуудан өтүшөт Жалпысынан долбоордун алкагында 6 миң гектардан ашык аянттагы токойлорду калыбына келтирүү пландаштырылууда 5-июнда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү жыл сайын дүйнө жүзү боюнча белгиленет. ФАО долбоору Кыргыз Республикасында 2023-жылдан бери улуттук өнөктөштөр менен бирге жана Жашыл климаттык фонддун каржылоосу менен ишке ашырылып келет

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler