Конституциялык сотко кайрылгандардын көбү өндүрүшкө кабыл алынбайт, - төрага
Бишкек (АКИpress) – 2025-жылы Конституциялык сотко 41 кайрылуу түшкөн, деп билдирди Конституциялык соттун төрагасы Эмилбек Өскөнбаев 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Парламентте президент тарабынан демилгеленген “Конституциялык сот жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

Бишкек (АКИpress) – 2025-жылы Конституциялык сотко 41 кайрылуу түшкөн, деп билдирди Конституциялык соттун төрагасы Эмилбек Өскөнбаев 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Парламентте президент тарабынан демилгеленген “Конституциялык сот жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору каралды Өскөнбаевдин айтымында, Конституциялык сотко 2021-жылы 49, 2022-жылы - 69, 2023-жылы - 95, 2024-жылы - 59, 2025-жылы - 41 кайрылуу түшкөн. 2026-жылдын башынан бери 24 кайрылуу катталган Соттун башчысы ошондой эле өндүрүшкө арыздарды кабыл алуудан баш тартуу боюнча статистиканы келтирди. Алсак, 2021-жылы 49 арыздын 37си, 2022-жылы 69дан 46сы, 2023-жылы 95тен 65и, 2024-жылы 48и, 2025-жылы 41 арыздын 24ү четке кагылган Анын айтымында, 2026-жылдын башынан бери 24 кайрылуунун жарымы четке кагылган Өскөнбаев өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин кайрылууларды кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу чечими Конституциялык соттун бардык судьяларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынарын түшүндүрдү «Бул дүйнөлүк практика. Мындай чечимдерди коллегиялар эмес, соттун толук курамы чыгарат», - деди ал

