Казакстанда 38ден ашык кылмыш иши төрөт боюнча мыйзамсыз төлөмдүн айынан козголгон
Өкмөттүн 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун талкуулоодо депутат Унзила Шапак кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоодогу мыйзам бузуулар боюнча маселени көтөрдү Анын айтымында, Жогорку Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча социалдык

Өкмөттүн 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун талкуулоодо депутат Унзила Шапак кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоодогу мыйзам бузуулар боюнча маселени көтөрдү Анын айтымында, Жогорку Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнө өз убагында мыйзамдык чектөөлөр киргизилбегендиктен Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунун активдери 67 миллиард теңге өлчөмүндө зыян тарткан Каржы министри Мади Такиевдин айтымында, учурда Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинде ички аудит жүрүп жатат — Ушул айда текшерууну аяктайбыз. Анын жыйынтыгы боюнча биз кат жүзүндө жооп беребиз», - деди министр Өз кезегинде Эмгек вице-министри Виктория Шегай белгилегендей, мыйзам бузуулар фонддун өзү жана Калкты социалдык коргоо чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жана көзөмөлдөө комитети тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган — Казакстандын 13 облусунда 38ден ашык кылмыш иши козголду – бардык иштер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген, аларда бүгүнкү күндө 1000ден ашуун аял бар. Алдын ала келтирилген зыяндын жалпы суммасы үч миллиард теңгени түзөт», - деди ал Вице-министрдин айтымында, буга чейин төлөмдөрдү алуунун мыйзамсыз схемаларын уюштурган адамдарга карата тогуз кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыгарылган Буга чейин бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип жатып, Каржы министрлиги мамлекеттин 2025-жылга карата бардык социалдык милдеттенмелери толугу менен аткарылганын билдирген


