"Bolashak Games" эл аралык квалификациялык турнири башталды
Астанада "Bolashak Games" эл аралык тандоо турнири башталды. Мелдеш фижитал спорттун үч түрү боюнча өткөрүлөт. Катышуучулар фижитал-футбол, фижитал-баскетбол, фижитал-бий боюнча күчтүүлөрдү аныкташат. Додада 16 өлкөдөн 250 спортчу күч сынашууда. Эреже боюнча алар алгач виртуалдык оюн ойноп, упай топ

Астанада "Bolashak Games" эл аралык тандоо турнири башталды. Мелдеш фижитал спорттун үч түрү боюнча өткөрүлөт. Катышуучулар фижитал-футбол, фижитал-баскетбол, фижитал-бий боюнча күчтүүлөрдү аныкташат. Додада 16 өлкөдөн 250 спортчу күч сынашууда. Эреже боюнча алар алгач виртуалдык оюн ойноп, упай топтошот. Андан соң чыныгы спорт талаасында мелдешке чыгат. Ар бир дисциплинада алдыңкы 4 команда түз эле “Келечек оюндарына” барат. Жогорку балл алган дагы 2 клубга кошумча лицензия ыйгарылат. Белгилей кетсек, негизги байрак таймашы 29-июлдан 9-августка чейин өтүп, көп спорттук мелдештерге 50дөн ашуун өлкөнүн 800гө жакын өкүлү катышат. Алар 8 фижитал багыт боюнча ат салышат. Уюштуруучулардын айтымында, мелдештин ачылыш аземине 9 өлкөнүн президенттери катышат Ержан Шакеев, «Казспортинвест» АК спорттук иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы: Бул биринчи тандоо туру эмес. Жогоруда айтылгандай, Origins деңгээли бар. Андан кийин атаандаштар деңгээли бар. Эми дүйнө жүзү боюнча өткөн мелдештерден эң күчтүү тайпадан 16 гана команда Астанага келди


